ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Санэкоинспекциясы санитардык нормаларды бузгандарды аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Шабдан Баатыр көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдын кызматкерлери  таштанды өрттөгөндүгү аныкталды.

Мындан тышкары, таштандылар белгиленбеген жерге ташталып, Бишкек шаарын көрктөндүрүү  эрежелери бузулган.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан унаа оңдоочу жайдын ээсине Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.