Санитардык нормаларды бузган шаар тургунуна айып салынды
- Подробности
- Опубликовано 22.07.2015 13:29
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспкекциясы Матыев көчөсүнүн №85 үйүнүн ээси турай үйдүн түштүк-батыш тарабына жана жолдун өтмөгүнө интерттүү таштандыларды таштагандыгын аныктады.
Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору Шкалина А.нын атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Ленин райондук административдик комиссиясынын кезектеги жыйынында аталган үйдүн ээсине 2000 сом өлчөмүндөгү айып салынды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
07.02.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |