ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар тургундары таштандыларды башаламан таштоодо

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Бөкөнбаев көчөсү №59,  №69 квартирасынын жашоочулары тарабынан белгиленбеген жерге инерттүү материалдары  башаламан ташталгандыгын аныктады.

Арыктар курулуш таштандыларына толуп, жыйынтыгында таштанды таштоочу жайга айланган. Ошондой эле, санитардык нормалар сакталбай, шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулган.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлери тарабынан Асанбай уулу Рахатбектин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.