ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов согушкерлерди жоюу боюнча атайы операциянын жүрүшүндө жабыркагандар менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында калаа башчысы Кубанычбек Кулматов 2015-жылдын 16-июлунда террористтерди жоюу боюнча операциянын жүрүшүндө жабыр тарткандар менен жолукту.

Белгилүү болгондой, операция шаардын борборуна жакын  калыӊ эл жайгашкан кварталда болгон. Атайын кызматтын так жана профессионалдуу аткаргандыгы үчүн  курмандыксыз өттү.

Операциянын жүрүшүндө 5 үйбүлөнүн үйү жабыркады. Эки үйбүлөгө мэрия калаанын социалдык жатаканасынан убактылуу жай берди. Жашоо үчүн бардык чыгымдарды шаар өзүнө алды. Үйү жарым-жартылай  жабыркаган эки үйбүлөгө жашоону камсыздоо тутумун электр энергиясы, газ, байланышты  калыбына келтирилүүдө.

Иликтөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин «Тазалык» МИсы аймакты таштандылардан тазалоодо жардам берет.

Жабыр тарткандарга медициналык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, жабыр тартакан ар бир үйбүлөгө керектүү буюмдарды жана кийим-кече алуусу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы 50 миӊ сом жана Биринчи май райондук администрациясы 30 миӊ сом өлчөмүндөгү алгачкы материалдык жардам көрсөттү.

Антитеррордук операция аяктагандан кийин мэрия тарабынан кырсыкты жоюу үчүн керектүү иштер жүргүзүлдү. 17-июль эртеӊ менен калаа башчысы Кубанычбек Кулматов жабыр тарткандар менен жолукту. Моралдык колдоолор көрсөтүлдү.

Биринчи кезекте электр кубаты калыбына келтирилди. Жабырлануучулар үчүн тамактануу уюштурулуп, чатыр орнотулду жана келтирилген зыяндарды аныктоо боюнча райондук комиссия түзүлдү. Ар бир үй үчүн текшерүү акты түзүлдү.