ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Испаниядан келген делегация менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Испаниядан келген делегациянын өкүлдөрү Барселона шаарынын вице-мэри Антони Вивес Томас жана SCDA Байкоочу кеӊешинин төрагасы Кирилл Мещеряков менен жолукту.

Жолугушууда эки тараптын кызматташуусу жана Smart City долбоорунун алкагында Бишкек шаарын өнүктүрүү потенциалын баалоо талкууланды.


«Шаар өзүнө тартуучу, бир гана Бишкекте бар дегендей  борбор болушу керек»,-деп белгиледи калаа башчысы.


Жолугушууда испан тарап шаардык инфраструктураны башкаруу тармагындагы заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба бөлүштү, ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында өтүлө турчу эл аралык конгресске катышууну сунуштады.


«Бишкек шаары жөнүндө дүйнөгө маалымат жеткириш керек. Биз сиздерге жардам берүүгө даярбыз»,-деди Барселона шаарынын вице-мэри Антони Вивес Томас.


Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, «Бишкек башкы архитектуранын» башчысы Бакытбек  Абдиев, Шаарды өнүктүрүү агенттигинин директору Азамат Усубалиев, Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Казыбек Кочконов катышты.