ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун акими Токтоналиев көчөсүн текшерди

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов социалдык тармактардагы жарыялоолорго көӊүл буруп, Токтоналиев көчөсүнүн жээгиндеги кырдаал менен таанышты.

Интернет колдонуучусунун айтуусу боюнча, аталган жерде курулушка даярдануу максатында бак-дарактар жок кылынып жаткан.

Аталган жерди текшерүүнүн жүрүшүндө бактардын тамырларына зыян келтирилип жаткандыгы жана анын натыйжасында бактар куурап калгандыгы аныкталды.


Район башчысы тиешелүү түзүмдөргө тапшырмаларды берди.


Мындан тышкары, райондук администрация «Бишкек баашкы архитектура» жана Муниципалдык менчик башкармалыгына аталган жер тууралуу толук маалыматтарды берүүсүн суранды.