Калаанын унаа жуучу жайлар шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууда
- Подробности
- Опубликовано 15.07.2015 09:26
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Кулиев көчөсү, №41 дарегинде жайгашкан унаа жуучу жайдын кызматкерлери белгиленбеген жерге тунма таштандыларын төгүшкөндүгү аныкталды.
Таштандылар жолдун жээгине төгүлүп, шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулган.
Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан унаа жуучу жайдын ээси Жаркулова Г.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Кайрадан текшерүүдө аталган бузуулар катталган эмес.
чейин:
кийин:
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
23.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |