ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь акимиаты мыйзамсыз орнотулган соода күркөлөрүн алууну улантууда

Октябрь райондук администрациясы мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдү алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Администрациянын Соода-экономикалык бөлүмү мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан берилген тизме боюнча №10 кичи районундагы мыйзамсыз соода күркөлөрүн алууда.


Ошондой эле, реконструкция жүрүп жаткан  Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн жээгиндеги соода күркөлөрүн алууга  дагы көӊүл бурулат.


Үстүбүздөгү жылдын февраль айтынан тарта Октябрь райондук администрациясы 64 күркөнү жана жеӊилдетилген типтеги конструкцияларды алды.


Бул багыттагы иштер район башчысы Болот Алымкуловдун жеке контролуна алынып, мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдү алуу иштери улана бермекчи.