ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы «Биз-таза Бишкек үчүн» конкурсунун алкагында короолорду текшреди

 «Биз – таза Бишкек үчүн» конкурсунун алкагында калаанын төрт районунун үй алдындагы жер тилкелери текшерилди.

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Алтынай Өмүрбекова, «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын башчысы Анвар Атантаев, «Тазалык» МИ кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана жашоо-тиричиликти камсыздоо тутуму  бөлүмүнүн өкүлдөрү жана Санитардык – экологиялык инспекциясы катышты.


Аталган иш-чара көп кабаттуу үйлөрдүн санитардык абалы, тазалыгы, айланасын жашылдандыруу, көчөттөрдү отургузуу, көрктөндүрүү, бала бакча жана спорт аянттарынын тазалыгы, көчөлөрдүн санитардык тазалыгын текшерүү критерийлери менен бааланат.


2015-жылдын 15-июлда конкурстун жеӊүүчүлөрү аныкталып, андан кийин салтанаттуу сыйлоо аземи өткөрүлөт.


Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы турак жай ээлеринин шериктештиги, МАБдардын, кварталдык комитеттердин арасында  «Мыкты турак жай ээлеринин шериктештиги», «Мыкты МАБ», «Мыкты квартал», «Мыкты короо» номинацияда конкурс жарыяланган.