ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада Махатма Гандинин айкелинин салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү

Калаада Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, ошондой эле, Кыргызстандын ЖОЖдорунда окуган Индиянын жаштарынын катышуусунда Индиянын улуу инсаны Махатма Гандинин эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

“Мына 20 жылдан бери Бишкектин көчөсү Индия лидери Махатма Гандинин атынан аталып келет. Анын окуулары бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келет. Бишкек шаарынын мэриясы айкелди орнотууда Индия бийлигинин жардамы үчүн ыраазычылык билдирет. Мындан ары биздин бир туугандык мамилебиз бекемдейт деген ишеничтемин”,-деди Кубанычбек Кулматов.


Эстелик Индиядан даярдалып, Жаш Гвардия бульвары жана Жибек Жолу проспектисинин кесилишине орнотулду. Мэрия монументти жашылдандыруу милдетин алды.