ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов “Шаарлардын кырсыктарга бекемдигин жогорулатуу” долбоорунун өкүлдөрү менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Борбордук Азияда жана Түштүк Кавказда кырсыктарды азайтуу боюнча БУУнун аймактык  кеңсесинин өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда эки тараптын “Шаарлардын кырсыктарга бекемдигин жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруу планы талкууланды.


БУУнун суб-аймактык кеңсесинин башчысы Мадави Ариабанду айым долбоор тууралуу толук маалымат берип, Бишкек шаарынын долбоорго катышуусу башка шаарлар үчүн үлгү болорун белгиледи.


“Долбоор бир нече баскычтан турат, биринчиси – бул долбоор менен иштөөчү  Бишкек шаарынын мэриясынан элди аныктоо жана экинчиси – коркунучтарга анализ өткөрүү. Мындан кийин мэрия бул долбоорду шаарды өнүктүрүү планына киргизе алат”,-деди башчы.


Кезегинде мэр Кубанычбек Кулматов жакынкы аралыкта бул долбоорду ишке ашыруучу топ түзүлүп, Бишкек шаары долбоорго катыша тургандыгын белгиледи.


Аталган жолугушууга вице-мэр Бакытбек Дюшембиев, мэриянын Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Казыбек Кочконов, долбоордун координатору Абдурахим Мухидов жана КР ӨКМнын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Токторбаева катышты.