ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов “Дордой” конушундагы мектептин жана Гроздь айылындагы көрүстөндүн курулуш иштери менен таанышты

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, вице-мэр Бакытбек Дюшембиев, вице-мэрдин милдетин аткаруучу Алтынай Өмүрбекова,

вице-мэрдин милдетин аткаруучу Геннадий Милицкий, райондук администрациялардын башчылары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жанан Бишкек шаарынын мэриясынын аппартынын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.

 

Биринчи көчмө жыйын “Дордой” жаңы конушундагы мектепте болду.


Конуштагы мектептин курулушуна жергиликтүү бюджеттен 158 млн.сом бөлүнгөн. Долбоор 960 орунга ылайыкталган. Курулуш үчүн чуңкур 2009-жылы казылып, бирок, көйгөйлөрдөн улам курулуш иши 2014-жылы ноябрда башталган.


Бүгүнкү күндө мектеп имаратынын ички жасалгалоо иштери, ошондой эле, спорттук залынын курулуш иштери жүргүзүлүүдө.


Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов аткарылган иштердин сапатына көңүл буруп, жумушчуларга  курулуш иштерин бүтүрүп, окуу жылдын башында эксплуатацияга берүү тапшырмасын берди.


Кийинки жыйын Гроздь айылындагы шаардык жаңы көрүстөндө өткөрүлдү. Мэр Кубанычбек Кулматов Бишкек шаардык каада-салттык кызмат көрсөтүүлөр агенттигинин директору Болот Карамуратовго көрүстөндө орун берүү тармагын жөнөкөйлөтүүнү иштеп чыгуу тапшырмасын берди.


Көрүстөндүн курулуш ишине шаардык бюджеттен 18 млн.сом бөлүнгөн. Жаңы көрүстөндүн аймагы 44 гектарды түзөт.