Октябрь районунун башчысы «Көк-Жар» конушундагы бала бакчанын курулуш иштери менен таанышты
- Подробности
- Опубликовано 10.07.2015 17:22
Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов «Көк-Жар» конушундагы бала бакчанын курулуш иштери менен таанышты.
Прораб курулуш иштери менен тааныштырып, курулуштун 70-80% аятаганын билдирди. Азыркы учурда имараттын ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, күзүндө курулуш иштери аяктайт.
Болот Алымкулов аталган бала бакча Октябрь районундагы эӊ чоӊ жана заманбап салынып жатканын белгиледи.
«Көк-Жар» конушундагы муниципалдык бала бакчанын курулушун шаардык бюджеттен каржыланып, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун көзөмөлүндө.
Бала бакча 280 балага ылайыкталып, план боюнча 2015-жылдын 4 кварталында эксплуатацияга берилет.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |