ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен пландык жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында калаа башчысы Кубанычбек Кулматов райондук админстрция башчылары жана түзүмдүк бөлумдөрдүн жетекчилери менен пландык жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер  каралды:мектеп жана бала бакчалардын курулушу, борбор каланын жолдорун калыбына келтирүү жана чуӊкурларды бүтөө иштерин аткаруу, балдардын жана спорттук аянттарды оңдоо жана шаар аймагындагы укук коргоо абалы жөнүндө.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, көпчулүк аттракциондор мыйзамдаштырылган эмес, айрымдары мыйзамсыз иштеп келсе,  калгандарына ижара акысы төлөнгөн эмес. Ахунбаев-Манас, Чүй-Манас, Чүй-Эркиндик көчөлөрүндө велосипеддерди ижарага берүү  мыйзамдуу иш алып барышат, ал эми калгандары мыйзамсыз. Калгандар муниципалдык менчик башкармалыгы менен келишим түзгөн эмес.

Жолдор тууралуу Жукеева-Пудокин көчөсүнүн оӊдоо иштер аяктап, учурда жол жээк таштарын, жана  люктарда орнотуу иштери жүрүүдө. Токомбаев көчөсунөн Суеркулов көчөсүнө чейин жана Суеркулов көчөсунөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальттын биринчи катмары төшөлдү.

Ауэзов көчөсүндө жол жээк таштарын ажыратуу иштери жүрүүдө, андан тышкары асфальттын биринчи катмары төшөлдү.

Махатма Ганди көчөсүндө төмөнкү жана жогорку катмарын негиздөө,  жол жээк таштарын жасоо иштери жүрүүдө. Жибек-Жолук көчөсүнөн Уруцкой көчөсүнө чейинки жолдун төмөнкү катмарын асфальттоо иши аяктады.

Жыйын маалында мэр Кубанычбек Кулматов бардык суроолор боюнча тиешелүү башкармалыктарга  эскертүү берди. Жыйындын соӊунда мэр түзүмдүк бөлүмдөргө протоколдук тапшырмалар берди.

Аталган жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, вице-мэр Бакытбек Дюшембиев, вице-мэрдин милдетин аткаруучу Алтынай Өмүрбекова, вице-мэрдин милдетин аткаруучу  Геннадий Милицкий, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары жана массалык маалымыт каражаттарынын өкүлдөрү катышты.