ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жарым жылда 88 мыйзамсыз курулушту түрттүрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти  үстүбүздөгү жылдын  январь айынан июнь айына чейин 88 мыйзамсыз курулушту түрттүрдү, анын ичинен 74 өз ыктыяры менен жана 14 курулуш соттун чечими менен түрттүрүлдү.

Мындан тышкары, 498 турай үй эксплуатацияга, 99 уруксат курулуш-монтаж иштерине берилди. Жеке турак жай куруу тармагында укук бузууларга 604 эскертүү берилип, 214 протокол түзүлүп, сотко жиберилди.

 

Ошондой эле, 285 жаранга тиешелүү чаралар көрүлдү.


МАБдардын имараттарына Департамент адистеринин жашоочуларды кабыл алуу графиги Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары менен түзүлүп, бекитилди. Кабыл алуу март айында башталды. Бул аралыкта 454 жаран кабыл алынды.