ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен онлайн режимде жыйын өткөрөт

8-июлда саат 17.00 до Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында калаа башчысы Кубанычбек Кулматов райондук администрация башчылары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен пландык жыйын өткөрөт.

Жыйынгы ошондой эле, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.


Күн тартибине бир нече маселелер коюлду:


1.    Калаанын парктык аймактарына жана бульварларына ар кандай оюн-зоок аттракциондорун (батуттарды, теннис стол жана шайтан арабаларды ижарага берүү) орнотуу процедурасын  иретке келтирүү жөнүндө;


2.     «2015-жылга мэрдин милдеттери жана иш пландарын» ишке ашыруунун алкагында шаардын аймагына 100дөн аз эмес  балдар жана спорттук аянтчаларын калыбына келтирүү жана оӊдоо иштеринин жүрүшү боюнча;


3.    «Көк-Жар» жаӊы конушундагы 280 орунга ылайыкталган бала бакчанын курулушу, 960 окуучуга ылайкталган «Дордой» конушундагы мектептин курулушу жана «Калыс-Ордо» конушундагы гранттык каражаттын эсебинен курулуп жаткан мектептин курулушу;


4.    Калаа жолдорунун чуӊкурларын оӊдоодо аткарылган иштердин жыйынтыгы. Кытай грантынын алкагында  оӊдолуп жаткан жолдордун (Махатма-Ганди, Ж-Пудовкин, жана .Ауэзов көчөлөрү) курулуш иштеринин жүрүшү жөнүндө. Ибраимов көчөсүн реконструкциялоо боюнча;


5.    Өткөн пландык жыйында берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө;


6.    Бишкек шаарынын аймагындагы коомдук-саясий кырдаал  жана укук тартиптин абалы жөнүндө.


Урматтуу шаар тургундары! Жыйын Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында онлайн режимде өткөрүлөт. Каалоочулар жыйынды көрө алышат.