ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов калаа жолдорунун курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Махатма Ганди, Курманжан Датка жана Ибраимов көчөлөрүнүн курулш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Бүгүнкү күндө аталган көчөлөрдө иштер графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын дарегине бир нече эскертүүлөрдү берди.


Курманжан Датка көчөсүнүн оӊдоо иштерин текшерүү учурунда калаа башчысы шаар тургундары менен пландалбаган жолугушуу өткөрдү.


Шаар тургундары жолдорду оӊдоп жаткандыгына ыраазычылык билдиришип, Ахунбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине  орнотулган жол чырак сыяктуу жаӊы жол чырак орнотууну суранышты. Ошондой эле, тургундар жер алды менен өтүүчү өтмөк курууну сунушташты.


Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев, вице-мэрдин милдетин аткаруучу Алтынай Өмүрбекова, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Султанбек Усенов катышты.