ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин акимиаты жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясын кесиптик майрамы менен куттуктады

Ленин райондук администрациясы, райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, ИИБ жана Билим берүү борбору жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын мыкты кызматкерлерине ардак грамоталады тапшырды.

Салтанаттуу иш-чара жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналды.


Ленин райондук администрациясынын башчысыныны орун басары Жамалкан Мамытова куттуктап, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын иши көп кырдуу экенин жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу башкы максаты экенин белгиледи.


Ошондой эле, инспекторлордун иши кылмышкерлерди аныктап, эркиндигинен ажыратып гана койбостон, балдарга жардам берип, келечекте жакшы адам болуусуна салым кошот деп толуктады.