ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы тездетилген иш режимине өттү

Абанын температурасы жогорулаганына байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы сугат иштерин тездетүү чечимин кабыл алды.

1-июлдан тарта «Тазалык» муниципалдык ишканасынын бардык унаалары күнү-түнү иштөө режимине өтүп, сугат унаалары Бишкектин жолдорун жана чөптөрүн эки маал сугара баштады. Экинчи түн «Тазалык» МИнын унаалары кечки саат 23.00дон эртеӊ мененки 7.00 го чейин сугаруу иштерин жүргүзүүдө.  Сугат унаасына атайын экинчи гидрант орнотулуп, бир учурда жандуу изгороду, майсандарды, жол жээктерин жана жолдун өзүн сугарылат. «Тазалык» МИнын директору Рыспек Сарпашевдин айтымында мындай иш-чаралар жашыл көчөттөрдү ысыктан коргоодо колдонулат.


Бишкек шаарынын мэриясы бардык автосүйүүчүлөрдү түнкүсүн жол жээктерине унааларын таштабоону суранат. Анткени, сугат унааларынын кыймылына тоскоолдук жаратууда.


Мындай иш режими жакынкы убакта да сакталмакчы.