ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда балдарга карата ырайымсыз мамилени жоюу маселеси боюнча жыйын өткөрүлдү

Свердлов районунда жаш өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча Координациялык кеӊештин жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, РИИБнын жана райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды  жана үйбүлөнүү колдоо бөлүмүнүн  аткарган иштери боюнча отчет берилди.


Аталган жыйынга балдардын иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү, балдарга карата ырайымсыз мамилени жана зордук-зомбулукту жоюу боюнча атайын чараларды көрүү штабынын мүчөлөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык инспекторлор курамы, МАБдын социалдык кызматкерлери, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды жана үйбүлөнүү колдоо бөлүмү, райондук спорткомитеттин кызматкерлери катышты.


Жыйындын жыйынтыгы боюнча балдарга карата ырайымсыз мамилени жана зордук-зомбулукту жоюу, ошондой эле, өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу  боюнча алдыдагы иштерди алып баруу чечими кабыл алынды.