ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Махатма Ганди эстелигинин ачылышына болгон даярдыктар боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Махатма Ганди эстелигинин ачылышына карата даярдыктар боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы «Жашылдандыруу» МИнын башчысы Анвар Атантаевге тиешелүү жерге жашылдандыруу иштерин баштоо, «Бишкексвет» МИнын директору Азамат Кожомкуловго көчө жарыктарын алмаштыруу тапшырмасын берди.


Бүгүнкү күндө эстеликти жарыктандыруу үчүн 27 декаративдүү торшерлер коюлуп, 2 прожектор орнотулду. Ошондой эле, гүлдөрдү отургузуу үчүн жер иштерин даярдоо жүргүзүлүп жатат.

Эстеликтин ачылышы 2015-жылдын 12-июлуна пландалууда.


Ошондой эле, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Султанбек Усенов Махатма Ганди көчөсүнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныштырды.

Бүгүнкү күндө Жибек Жолу проспектисинен  Куренкеев көчөсүнө чейин асфальттын биринчи катмары төшөлүп, арыктар жана бордюрлар орнотулду. Аталган жерде унаа  кыймылы 20-июлда ачылат. Иштер график боюнча жүргүзүлүүдө. Объекти берүү мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын август айынын аягында берилет.

Жыйынга «Бишкек башкы архитектуранын» башчысы Бактыбек Абдиев жана АСС студиясынын архитектору Юрий Смирнов катышты.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын апрель айында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Джайанат Кхобрагад  менен жолугуп,  жолугушууда Махатма Гандинин эстелигин орнотуу талкууланган.