Свердлов районунда сууга түшүү мезгилинин ачылышы өткөрүлдү
“Пионер” жана “Комсомольский” көлдөрүндө Свердлов районунун тургундары үчүн сууга түшүү мезгилинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага балдар, мектеп алдындагы жайкы лагерлердин окуучулары, ошондой эле, каалоочулар катышты.
Чакырылгандарды Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева куттуктады.
“Урматтуу балдар! Урматтуу ата-энелер! Сиздерди сууга түшүү мезгилинин ачылышы менен куттуктайм. Бүгүн сиздер жакшы маанайда кайтасыздар деп ишенем”,-деди Айнагүл Чылабаева.
Андан кийин балдарга жомок каармандарынын катышуусунда театрлаштырылган көрсөтүү көрсөтүлдү. Райондун чыгармачылык борборунун балдары чакан концерттик программа тартуулады.
Концерттик программа кичинекей шаардыктарга балмуздак таратуу менен коштолду.
Иш-чаранын жыйынтыгында балдар “Пионер” көлүнө түшүүгө жөнөштү. Ар бир бала оюн-зоок программадан жана сууга түшүүдөн рахаттанып кайтышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
05.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |