ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа дүкөндөрү шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Чүй проспектиси №127 дарегинде жайгашкан мурдагы “Столичный” дүкөнү таштандыларды башаламан таштагандыгы аныкталды.

Аталган жер антисанитардык абалга жетип, таштанды чыгаруу үчүн “Тазалык” МИ менен келишим түзгөн эмес. Ошондой эле, санитардык нормалар сакталбай, шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулган.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын СЭИ инспекторлору тарабынан мурдагы “Столичный” дүкөнүнүн ээси Шин И.нин атына протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.