ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин акимиаты дарыгерлерди Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

“Медицина кызматкерлеринин күнүн” майрамдоонун алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясы “Малика” кафесинде салтанаттуу  райондук иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага 40 жылдан ашык медицина тармагында эмгектенген Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгерлери жана саламаттыкты сактоонун кызматкерлери катышты. Медициналык мекемелердин мыкты кызматкерлери Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ошондой эле, 50 жылдан ашык иштеген кызматкерлерге Ленин райондук администрациясынын атынан белектер тапшырылды.

Маалымат: Ленин районунун аймагында 16 дарылоо-профилактикалык уюмдары жайгашкан:
•    6 ҮМБ,
•    1 Стоматолгиялык клиника,
•    7 оорукана, алардын ичинен: 2 Улуттук борбор (Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борбору жана Эне баланы коргоо улуттук борбору), №2 төрөт үйү, №2 балдар кургак учук ооруканасы,
•    2 борбор
Дарылоо-профилактикалык уюмдарында 1158 дарыгер жана 1743 медициналык кызматкер иштейт. Поликлиникалар 300 миңден ашык адамга кызмат кылат. Стоматологиялык поликлиникалар 180 минден ашык адамды тейлейт, ошондой эле, ооруканаларда 2 миңдей жатак орундар бар.