ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун атынан Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова куттуктады.


“Ар бирибиз үчүн үмүттүн жана боорукерликтин белгиси болуп, оору сыркоодон сакаюуга шарт түзүп келесиздер.


Сиздер миңдеген адамдардын ден соолугунун сакчысы болуп кызмат кыласыздар. Оорудан айыктырат деп Сиздерден кыйналган кезде жардам, мээримдүү мамиле күтөбүз”, деди Айгүл Рыскулова.

“Медицина кызматкерлеринин күнүнүн” урматына  Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 30-июнундагы №2014 токтому менен ак эмгеги үчүн төмөнкү медицина кызматкерлери сыйланды:

- Эсенкожаева Акылай Эшпаевна;
- Аширбаева Райпу;
- Байчороева Таалайкул;
- Кожомбердиева Гульнара;
- Турапбаева Сайрагуль;
- Волошина Алла;
- Узбекова Айгуль;
- Асыралиева Динара;
- Ажымамбетова Гулназ;
- Туратбеков  Адыл;
- Тилебалдиева Клара;
- Карачаев Бакытбек;
- Жихарев Владлен;
- Суеркулов Эрбол;
- Ракова Кулсун;
- Темирова Адина;
- Акматалиева Эркингуль;
- Сейтахунова Эльмира;
- Ниязалиева Сейнеп;
- Тохмазова Марифа;
- Шамшыбекова Жылдыз;
- Адылканова Айю.

Иш-чарага шаардык жана республикалык саламаттыкты сактоо мекемелеринин дарыгерлери катышты.