ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Санкт-Петербург шаарында Бишкек күндөрүнүн расмий ачылыш аземи өттү

Санкт-Петербургда Бишкек күндөрүнүн расмий ачылышы болду.

Концерттик программада кыргыздардын элдик чыгармалары да, кыргызстандыктардын жүрөгүнөн орун алган орус ырлары да аткарылды.


Бишкек мэри өз сөзүндө мекендештерине Петербург шаарына болгон сапарында жетишкен келишимдер жөнүндө айтып берди.


«Биздин тарыхыбыз-жалпы Жеӊиш тарыхыбыз бир. Бишкекте Ленинград блокадачыларынын элесине арналган монумент орнотулган. Биз андан ары да Санкт-Петербург шаары менен ар тараптуу кызматташтыкты улантабыз. Менин оюмча сиздер бүгүнкү маданий иш-чарадан чон ыракат аласыздар»,- деди мэр.


Келген коноктор үчүн бишкектик бий топтору, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы элдик аспаптар оркестри, КРнын эл артисти Жанетта Бобкова, опера ырчылары жана адам-оркестр Курмангазы Азыкбаев чыгышты.


Ошондой эле, ачылыш аземине Санкт-Петербург шаарынын Маданият комитетинин төрагасынын орун басары Александр Воронко жана Петербургда жашап жатышкан Кыргызстандын жарандары катышты.