ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Эч ким, эч качан унутулбайт» аттуу эскерүү кечеси ѳткѳрүлдү

Бишкек шаардык маданият жана туризм Башкармалыгынын алдындагы     шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагында  «Эч ким, эч качан унутулбайт» аттуу  Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган    эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Кечеде Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы жөнүндөгү документалдуу  кино тасма көрсөтүлдү жана уюштурулган китеп көргөзмөгө баяндама берилип,  кыскача Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы жөнүндөгү маалыматтар берилди:

Улуу Ата Мекендик согушта Совет эли эркиндик, көз каранды эместик үчүн жан аябай салгылашкан. Көп улуттуу Кызыл Армиянын катарында Кыргызстандан барган 300 миң жоокер да Ата Мекенди коргоонун үлгүлөрүн көрсөтүшкөн. Согуштагы эрдиктери үчүн 10 миң кыргызстандык жоокер орден жана медалдар менен сыйланышкан. Алардын 76сы Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан. 29 жоокер Даңк орденинин үч даражасын тең алышкан. Кыргызстандык жоокерлер дагы  мекенинин, өз элинин эркиндиги үчүн эрдиктин үлгүсүн көрсөтүү менен баатырларча кармашып, Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Асанбек Оторбаев, Дайыр Асанов, И.В. Панфилов өңдүү баатырлар менен бирге согушка катышкан ар бир кыргызстандык душманга каршы татыктуу күрөшүп Ата Мекен учүн баатырларча курман болушкан.

Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын директору Күлсайра  Дандыбаева  өз сөзүндө өсүп келе жаткан муун өлкөнүн тарыхын сактап калаарын жана улуу муун, өзгөчө жоокерлердин, ардагерлердин  эрдиги унутулабарын белгилеп өттү.

«1941-ж. 22-июнь – бул бардыгыбыз үчүн унутулгус дата. Эч качан согуш болбосун.  Айткым келгени, бүгүнкү күндө да балдарыбыздын ичинде патриотторубуз абдан көп, ошондуктан улуу муундун эрдиги унутулбай муундан -муунга өтө берет деп ишенем» - деди К.ДЖ.Дандыбаева.
Мектеп окуучулары тарабынан согуш жылдарына арналган көркөм окуулар айтылып, ырлар ырдалып жана концерттик программа тартууланды.