ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Санкт-Петербург шаарында Чыӊгыз Айтматов атындагы сквер ачылды

Санкт-Петербург шаарында Чыӊгыз Айтматов атындагы сквердин расмий ачылышы болду.

Сквердин ачылыш аземине мэр Кубанычбек Кулматов жетектеген Бишкек шаарынын делегациясы катышты.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов өз сөзүндө бүткүл Кыргызстан үчүн бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.


«Чыӊгыз Айтматов – биздин улуттук сыймыгыбыз, анын улуу чыгармалары аркылуу бүткүл  дүйнө жүзү кыргыздар жөнүндө билди. Биз тарыхыбыз менен сыймыктанабыз»,-деди калаа башчысы.


Иш-чаранын жыйынтыгында, тараптар аталган скверге элдик жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун айкелин орнотууну макулдашты.


Жазуучунун аты берилген сквер Карпинский көчөсү менен Ш.Руставели проспектисинин кесилишинде жайгашкан. Сквердин аянты 1,7 гектарды түзөт. Аны кароо милдети Санкт-Петербургдун көрктөндүрүү комитетине жүктөлдү.