ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Санкт-Петербург шаарында калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселелерин талкуулады

Мэр Кубанычбек Кулматов жетектеген Бишкек шаарынын делегациясы Санкт-Петербургда Бишкек шаарынын күндөрүн өткөрүү иш-чарасынын алкагында Санкт-Петербург шаарын көрктөндүрүү комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Сергей Малинин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап каланы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жолдорду куру, колдонуу маселелерин талкуулашты.


Комитеттин башчысынын милдетин аткаруучу Сергей Малинин делегациянын өкүлдөрүн өзүнүн мекемесинин иши менен тааныштырып, Россиянын борборунда боло турган маданий өзгөрүүлөр тууралуу ойлору менен бөлүштү.


Өз кезегинде муниципалитеттин башчысы Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын борбору, калаа жолдорун колдонууда жаӊы башкаруу түзүлгөндүгү, кургак тиричилик калдыктар долбоору жана шаарды өнүктүрүү программасы жөнүндө айтып берди.
«Негизи бардык шаарлардын көйгөйлөрү бирдей – унаа, жолдор, жарыктандыруу, таштанды чыгаруу. Бирок, чечилиши ар кандай. Ошондуктан тажрыйба алмашуу процесси өтө маанилүү. Бизге иш жүзүндө процессти көрүү кызык болуп жатат»,-деп жыйынтыктады Кубанычбек Кулматов.


Сергей Малинин кызматташтыкка даярбыз деп жооп кайтарды.


Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Комитеттин финансы тармагынын төраганын орун басары Юрий Коханов, Калдыктарды айландыруу жана инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү жана колдонуу тармагы боюнча төраганын орун басары Александр Ершов, «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын башчысы Анвар Атантаев, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Рыспек Сарпашев, «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын башчысы Азамат Кожомкулов катышты.


Маалымат: Санкт-Петербург шаарынын көрктөндүрүү комитети мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жана көрктөндүрүү жаатында мамлекеттик башкарууну  ишке ашырат. Атап айтканда: сейил бактар, токой чарбачылыгы, жолдорду колдонуу жана башка көрктөндүрүү объектилери, Санкт-Петербургдун аймагындагы таштандыларды иштетүү жана ошондой эле,  Санкт-Петербург шаарынын мамлекеттик бийлигинин аткаруу органдарынын иш-аракеттерин координациялайт.