Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында кезектеги жыйын өттү
- Подробности
- Опубликовано 25.06.2015 15:07
Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында бир катар маселелер каралган кезектеги жыйын өттү.
Эӊ курч көйгөйлөрдөн болуп башаламан соода маселеси, айрыкча – Биринчи май районунун аймагындагы велосипеддерди ижарага берүү козголду.
Мындай ишмердик жүргүзүүгө велобизнестин ээлеринде эч кандай тастыктоочу иш кагаздары жок болуп чыкты.
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков тиешелүү түзүмдөргө аталган жагдайды карап чыгып, ылайыктуу чараларды көрүүнү буйруду.
Ошондой эле, жолдорду куруу боюнча суроолор талкууланды. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кытай грантынын алкагында оӊдолуп жаткан 3 көчө үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына аяктайт.
ККБнын өкүлдөрү аталган мөөнөткө жолдун унаа жүргөн бөлүгү оӊдолуп, автоунаа кыймылы ачылат деп белгилешти.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
11.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |