ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Унаа ээлеринине эскертүү!

Бишкек шаарынын мэриясы  козголмо мүлк салыгын 2015-жылдын 1-сентябрына чейин төлөө керек экендигин эскертет.

Бишкек шаарынын мэриясы салык төлөө мөөнөтү жакындап келе жаткандыгына байланыштуу,  салык төлөөчүлөргө унаа катталган райондук Салык башкармалыгына кайрылып, мүлк салыгын тѳлѳп кетүүсүн ѳтүнѳт.

Эгерде унаа ээси кандайдыр бир себептер менен башка шаарда же Кыргыз Республикасынын башка областында жүргөндүгүнө байланыштуу унаасы катталган жерге келе албаса, анда ал салыкты каалаган банктардын бирине төлөсө болот.


Мындай учурда, унаанын техникалык паспорту боюнча козголмо мүлктүн катталган жерин көрсөтүү зарыл.


Салык төлөнбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин негизинде юридикалык тарап үчүн 5 миӊ сом, ал эми атуулдарга 2 миӊ сом өлчөмүндө айып салуу колдонулат.