ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы конуштардын кѳчѳлѳрүн калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдѳ

Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук – мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча жаңы конуштарда жолдорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдѳ.

«Ала-Тоо» конушунда Ала-Тоо кѳчѳсүн кайрадан куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда асфальтты тѳшѳѳ даярдалып, борттук таштар, арыктар, тегерек түтүктѳр орнотулду.


Мындан тышкары, «Ак-Бата» конушунда Борбордук кѳчѳсүн кайрадан куруу иштери жүргүзүлүүдѳ. Азыркы учурда асфальт менен жабдылып, борттук таштар, арыктар, тегерек цемент түтүктѳрү, суу ѳткѳрүүчү  түтүктѳр жана тротуарлар орнотулду. Ошондой эле, жол белгилери жана суу ѳткѳрүү үчүн резервдик түтүктѳр жаткырылды.