ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда сууга түшүү мезгилинин ачылышы болуп ѳттү

«Тартуга» оюн-зоок борборунда Биринчи май районунун балдары үчүн сууга түшүү мезгилинин ачылышы жана Нептун күнүн майрамдоо ѳткѳрүлдү.

Чакырылган балдарга цирк артистеринин, куурчактардын ыр, бийлеринин коштоосунда концерттик программа тартууланды.


Сууга түшүү мезгилинин ачылышына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев катышты.


Ошондой эле, вице-мэр Айгүл Рыскулова вице-премьер-министр менен мектеп алдындагы лагерлерге жана калаанын балдар эс алуу борборлорун кыдырышты.


Кыдыруунун жүрүшүндѳ калаанын бир нече мектептерине, ошондой эле, балдар үчүн эс алуучу «Фламинго» сейил багына барышты.