ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаарды кѳрктѳндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоодо

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы ар дайым кѳчѳлѳрдү кыдырып, санитардык нормаларды жана кѳрктѳндүрүү эрежелерин бузгандары аныктап турат.

Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги рейдинде  Логвиненко-Токтогул кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде жайгашкан турак эмес жайда оңдоп жаткан жумушчулар тарабынан  курулуш таштандылары башалман ташталып жаткандыгы аныкталды.


Жумушчулар арасында курулуш  калдыктарын  таштоого жол бербѳѳ боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгѳн. Андан кийин аталган бузуулар чектетилди.


Ошондой эле, Токтоналиев кѳчѳсү №94а дарегинде жайгашкан «Карамелька» дүкѳнүнүн кызматкерлери тарабынан жолдун ѳтмѳк бѳлүгүнѳ таштандылар ташталгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында жеке ишкер Абдыкадырова А.Э.нин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Мындан тышкары, Байтик Баатыр-Горький кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде жайгашкан «Смак+» ашканасынын кызматкерлери тамак-аш калдыктарын белгиленбеген жерге таштаган.


СЭИ инспекторлору тарабынан «Смак Плюс» ЖЧКсынын директорунун атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.