ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май акимиаты жашыл кѳчѳттѳрдү багууну жакшыртууда

Биринчи май райондук администрациясы Эркиндик бульварындагы  тирүү кашааларды кыркуу жана чѳптѳрдү убагында чабуу үчүн 2 чѳп чабуучу машина жана 2 бадал кескич сатып алды.

Сатылып алынган инвентарлар район башчысы Аскербек Алиевден  Биринчи май аймагы боюнча «Жашылдандыруу» МИна берилди.


Техника «Бишкек шаарынын мэриясы жана «KICB» ЖАК банкы аралык кызматташуу жѳнүндѳ меморандумунун» негизинде сатылып алынды.


Ошондой эле, ѳткѳн жылы райондун аймагын кѳрктѳндүрүүнү жакшыртуу максатында Биринчи май райондук администрациясы тарабынан МАБ короо шыпыргычтары үчүн чарба инвентарларын алуу үчүн 200 миң сом каражат бѳлүнгѳн. Бул каражатка 4 чѳп чабуучу машина, 2 бадал кескич, 7мотокос жана 1 ширетүүчү аппарат алынган.