ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын кѳрктѳндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоодо

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндѳ шаарды кѳрктѳндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды.

«Бакай-Ата» жаңы конушунун Кѳкчѳ кѳчѳсүндѳ жайгашкан «Транс» ЖЧКсы таштандыларды башаламан таштагандыгы аныкталды. Аталган жердин аймагы антисанитардык абалга жетип, кургак тиричилик калдыктарын чыгаруу келишими түзүлгѳн эмес. Санитардык нормалар сакталбай, шаарды кѳрктѳндүрүүдѳ эрежелер бузулган.


Жыйынтыгында СЭИ  инспекторлору тарабынан Жумашев Б.атына протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Мындан тышкары, К.Датка кѳчѳсү, №164 дарегинде жайгашкан «Курулуш» дүкѳнүнүн кызматкерлери тарабынан борбордук жолдун жээгине  кургак тиричилик таштандылары ташталып, таштанды таштоочу жайга айланып, санитардык нормалар сакталган эмес жана шаарды кѳрктѳндүрүү эрежелери бузулган.


Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан аталган дүкѳндүн ээси Мухамадкалиев А.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.