ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа жолдорун оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерүү боюнча көчмө жыйын өткөрүлдү

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринин жүрүшү боюнча Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов премьер-министр Темир Сариевге маалымат берди.

Биринчи объект болуп Жукеев-Пудовкин жана Донецкий көчөлөрүнүн кесилиши болду.


Иштин жүрүшүндө асфальттык катмарын толугу менен алмаштыруу жана жаңы жол жээктерин орнотуу пландалууда.


“Бөдрөтчү  уюм менен бирге жолдун бир тарабын ачуу үчүн тездетүү иштерин жүргүзүп жатабыз”,-деди калаа башчысы.


Эскерте кетсек, аталган объекти кытай грантынын эсебинен оңдолуп жатат.


Кийинки көчмө жыйын Аалы Токомбаев көчөсү боюнча көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышты.


Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дүйшембиевдин айтуусу боюнча аталган көпүрөнүн курулуш иштери экинчи этап менен кийинки жылы бүткөрүлөт. Долбоор кытай грантынын эсебинен бир миллиард сомду түзөт.


Ошондой эле, бул жылы Патрица Лумумбы көчөсүн толугу менен оңдоо пландалууда. Оңдоо иштерин жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.


Текшерүүнүн жүрүшүндө премьер-министр Бишкек шаарынын мэриясына кызыл сызыктын чегинен чыккан бузуучуларга карата чара көрүү тапшырмасын берди.


“Бул тиешелүү документтери жок соода түйүндөрүнө тиешелүү. Бардыгы мыйзамдые чегинде болуусу керек”,-деди өкмөт.


“Шаардык бийлик бул багыттагы иштерди жүргүзүп, жеңилдетилген типтеги объектилерди жоюу үчүн ар бир райондо штаб түзүлгөн. Кайрадан куруу иштери жүргүзүлө турган жерлерге мэриядан уруксат документтери берилбей келет”,-деп маалымдады  мэр Кубанычбек Кулматов.


Ошондой эле, муниципалитет башчысы тиешелүү шаардык кызматтар менен төмөнкү объектилерде көчмө жыйын өткөрдү.


-    Махатма Ганды көчөсү. Толугу менен кайрадан куруу иштери жүргүзүлүп, азыркы учурда жер иштери жүргүзүлүп жатат.
-    Ибраимов көчөсү (батыш тарабы) коммуникациялык тармактарды жана арыктарды орнотуу иштери жүрүп жатат. Берүү мөөнөтү июндун аягында.
-    Курманжан Датка көчөсү жолду толугу менен оңдоо. Берүү мөөнөтү август айынын аягы.


Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы Кубанычбек Кулматов “Жашылдандыруу” МИнын башчысы Анвар Атантаевге Ибраимов көчөсүн жашылдандыруу боюнча, ал эми Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жеңиш Исаковго бардык көчөлөрдү иретке келтирүү, Ибраимов көчөсүнүн унаа токтотуу долбоорун даярдоо тапшырмасын берди.
Калаанын жолдорун оңдоо кытай грантынын, шаардык бюджеттин дана КР өкмөтүнөн бөлүнгөн каражаттын эсебинен ишке ашууда.