ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Үч эмди төрөгөн энени адистештирилген балдар үйү кабыл алат

Мурун маалымдалгандай 2015 – жылдын 5-июнунда Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда үч эмдин төрөлгөндүгү катталган.

Ош областынын Чоң-Алай районунун “Эшме” айылынын жашоочусу Каныбек кызы Бегайым Бишкек шаарынын мечиттеринин биринде убактылуу жашап жүргөн.


Улуттук борбордун төрөт бөлүмүнө 2015-жылдын 4-июнунда саат 18.00до келип, 5-июнда 05.41 операция жолу менен үч эмди төрөгөн. Эненин абалы канааттандырарлык, ал эми балдардын абалы жаңы төрөлгөндө орто оор деп белгиленип, тиешелүү дарылануудан кийин стабилдүү деп төрөттөн кийинки бөлүмгө которулган.


Бүгүнкү күндө эне балдары менен Улуттук борбордун наристелердин патология бөлүмүндө жатат. Эне жана балдардын абалы жакшы.

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан Адистештирилген балдар үйүнө чыгарылуусу каралып, аталган жерде медициналык кароо жана бардык жашоо шарттары түзүлгөн.