Шаардык медицина мри Чүй облусунун калкын тейлөөдө
- Подробности
- Опубликовано 18.06.2015 16:26
Шаардын №1,5,12,14 үй-бүлөлүк медицина борборлору калаа тургундарын гана эмес, Чүй облусуна чектеш жайгашкан айылдардын жашоочуларын тейлөөдө.
№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун аймагына 105 миң адам катталган 7 жаңы конуш кирет, бирок тейлеген калктын саны 132 миң адамга жетет. Тейлөө радиусу 20-30 кмди түзөт.
№12 үй-бүлөлүк медицина борборунун тейлөө аянты 240 километр чарчыны түзөт, 77 миң адам жашайт, 76 миң 258 адам катталган. Аймакка чектеш Сокулук районунун Орок, Күн-Туу, Селекция, Ала-Тоо №1, Ала-Тоо №2, Ак-Ордо айылдары жайгашкан. Аталган жашоо пункттарынан №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 2 миң адам катталган, 2013-жылдын май айынан бери 120 адам менен типтүү келишим түзүлгөн.
№14 үй-бүлөлүк медицина борборунун аймагы Аламүдүн районунун “Дордой 2”, “Ак-Жар”, “Адилет” айылдары менен чектешет, калкы 14 миң адамды түзөт. Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун негизинде Аламүдүн районунун “Ак-Жар” жаңы конушу №14 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бекитилген.
Бишкек аймактык башкармалыктын милдеттүү медициналык коопсуздук фонду катталган гана адамдарды каржылайт, бирок үй-бүлөлүк медицина борбору кайрылган адамдардын баарын тейлейт.
“Мамлекеттик-жеке өнөктөш жөнүндө” мыйзамына ылайык ар бир медициналык мекеменин жетекчиси мекеменин материалдык-техникалык базасын оңдоого өз алдынча инвестор табууга укуктуу.
№1 үй-бүлөлүк медицина борборунун администрациясы түзгөн келишимдер:
-“ЦАДМИР” ЖЧК менен жеке флюорографиялык шаймандарды алып келүү боюнча;
-“Кардио +” ЖЧК менен ЭХО кардиограф алып келүү боюнча;
“Эргене” коомдук фонду менен “Маммограф” аппаратын орнотуу боюнча.
Бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен шаардын саламаттыкты сактоо мекемелери “Мамлекеттик-жеке өнөктөш жөнүндө” мыйзамынын алкагында материалдык-техникалык базасын чыӊдап, коомго сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү багытындагы иштерин улантмакчы.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
15.10.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |