ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүүнү улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын  Жеке турак жай куруу департаментинин кезектеги текшерүүсүндө бир нече мыйзамсыз курулуштар аныкталды.

«Рухий-Мурас» конушундагы №582-жер тилкесинде мыйзамсыз түрдө пескоблоктон дубал орнотулган. Ошондой эле,  «Көлмө» конушунда Максат көчөсү, №60 Ала-Арча өзөнүнүн коргоо аймагы деп эсептелинген жер тилкесинде эч кандай уруксат  документтери жок чарба курулушу тургузулган.  


Ошондуктан «Рухий-Мурас» конушундагы №582-жер тилкенин ээси Ырсалат Камчыбековага «Аныкталган мыйзам бузууларды жою» буйругу берилген. Буйрукту аткарбагандыгы үчүн Департамент административдик укук бузу боюнча протокол түзүп, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жиберген.


Октябрь райондук соттун чечими боюнча, Ы. Камчыбекова мамлекеттин пайдасына 10 миӊ сом айып төлөп, жер тилкесин мурунку абалына келтириши керек.


Аталган токтомду аткаруу үчүн сот аткаруучу кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу менен биргеликте Жеке турак жай куруу департаментинин кызматкери  3х25 метрге кеӊейтилген жер тилкесиндеги курулушту  түрттүрүлүп, баштапкы  абалына келтирилген

.
Ал эми «Көлмө» конушундагы А.Ж.Камчыбековго «Аныкталган бузууларды жою» буйругу берилди. Департаметтин буйругун аткаруу максатында жер тилкенин ээси 10,0х3,5 метр болгон мыйзамсыз курулушту өз ыктыяры менен түрттүрүп, баштапкы  калыбына келтирди. 

До

После

До

После