ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жана Сауд Арабия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси “Ардагер” пансионунун эс алуучуларын рамазан айы менен куттуктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана Сауд Арабия падышачылыгынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума “Ардагер” пансионунун эс алуучуларын рамазан айы менен куттуктап, жардам катары  сыналгы жана азык-түлүктөрдү тапшырды.

“Сиздерди кирип келген рамазан айы менен чын жүрөктөн  куттуктайм. Сиздерге атайын сыналгы, курма жана азык-түлүктөрдү алып келдик. Биз Бишкек шаарынын мэриясы менен тыгыз байланышта иштешип жатабыз. Мэрияга дагы терең ыраазычылык билдирем”,-деди  Сауд Арабия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман Аль-Жума.


Рамазан айынын алдында Ленин районунун карылар үйүнө, Свердлов районунун Багуусуз калган жетим балдар үчүн балдар үйүнө жана “Ардагер” пансионуна жардамдар көрсөтүлдү.


Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаев, “Ардагер” пансионунун директору Марипа Абдиева  жана Сауд Арабия падышачылыгынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу  элчиси Абдурахман Аль-Жума катышты.