ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясынын башчысы “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү

Октябрь райондук администрациянын башчысы Болот Алымкуловдун  жетекчилиги алдында, “Тазалык” ишканасынын таштанды чыгаруу жана акча чогултуу бөлүмүнүн жетекчилери жана кызматкерлеринин катышуусунда кезектеги жыйын болуп өттү.

Райондун акими жыйындын катышуучуларына, “Тазалык” МИнин кызматкерлеринин ишин текшерүү максатында районду ар дайым кыдырып турганын жана алардын иштерин канааттанбай жатканын билдирди. Ошондой эле,  аким ишкананын кызматкерлерине тез аранын ичинде таштандыларды өз маалында чыгаруу үчүн таштанды ташуучу унаалардын графигин карап чыгууну тапшырды.

 

Тургундарга  түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүнү жана кызмат  үчүн акы төлөбөгөн абоненттер менен эффективдүү иштешүүгө чакырды.  

Жыйындын жүрүшүндө Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери тарабынан “сынамык долбоорду” ишке ашыруу жана Октябрь районунун аймагындагы таштандыларды чыгаруу үчүн жеке компанияны тартуу идеясы айтылды.

Болот Алымкулов ишкананын ар бир кызматкеринин жоопкерчилигин эскертип өттү жана ал берген тапшырмаларды текшерерин белгиледи. Анын жыйынтыгында ишкананын кызматкерлерине тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.