ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУНУН АКИМИ МЕДРЕСЕ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМДИ ТАЛКУУЛАДЫ

Биринчи май райондук администрациянын башчысы Аскербек Алиев “Көлмө” жаңы конушунда жайгашкан медресе бүтүрүүчүлөрү жана “Тынчтык” жаңы конушундагы мечиттин жамааты менен жолукту.

Жолугушууда диний экстремизм, экстремисттик мүнөздөгү идеяларга бөгөт коюу боюнча мамлекеттик мекемелер менен бирге иш алып баруу  тууралуу маселелер козголду.

Жолугушуунун соӊунда район башчысы жолугушуунун катышуучуларын диний агым жана багыттардын өкүлдөрү менен улут аралык макулдашууларды бекемдөөгө чакырды.


Мындан тышкары, диний имараттарды каттоо, санитардык-гигиеналык жана архитектуралык-курулуш эрежелерин сактоону эскертип өттү.

Жолугушуу “2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Бишкектеги экстремисттик аракеттерге каршы туруу” мыйзамынын алкагында өткөрүлдү.