ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери Жал кичирайонунун тургундары менен турак жай ээлеринин шериктештигин түзүү жана жаңы лифтти баланска алуу суроолору боюнча жолугушту

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков, вице-мэр Геннадий Милицкий, Ленин районунун акими Аскар уулу Мирлан «Жал» кичирайонундагы №5-үйдүн тургундары менен турак жай ээлеринин шериктештигин түзүү жана жаңы орнотулган лифтти баланска алуу боюнча жолугушуу өткөрүштү.

2013-жылдын 2-февралында №5-үйдө саат 22:40 өрт чыгып, кесепетинде лифт кабинасы жана шахтасы 1-кабаттан 5-кабатка чейин күйүп кеткен.


2015-жылдын 7-майында гана аталган үйгө жаңы лифт орнотулган. «Бишкеклифт» ишканасы сатып алып орноткон лифттин баасы 1,4 млн сомду түздү.


Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, лифт жалпы колдонууга берилген мүлк катары көп кабаттуу үйдүн балансына бекитилет.  


Бирок, аталган үйдүн тургундары лифт орнотулгандан кийин шериктештик түзүп,  лифтти баланска алуудан баш тартышты.


Ошондуктан мэриянын жетекчилиги үй тургундары жана үй комитети менен шериктештикти түзүү зарылдыгы боюнча түшүндүрүү маегин жүргүзүштү.


Жолугушуунун жыйынтыгында жашоочуларга үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин дагы бир жыйналыш уюштуруп,  турак жай ээлеринин шериктештигин түзүү маселесин чечүү сунушталды. Болбосо, шериктештик жашоочулардын катышуусу жок эле түзүлөт.