Төрт эмдин ата-энесине эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды
- Подробности
- Опубликовано 15.06.2015 09:41
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан 2-бөлмөлүү батирдин ачкычын салтанатуу түрдө тапшырып, Зарнаевдердин үйбүлөсүн куттуктады.
Нурлан Саламатович, Гулайым Жумабаевна, Сиздер балдарыңыздарды кыргыз элине белгилүү болгон инсандардын ысымы менен койдуңуздар, балдарга узун-өмүр, ден-соолук жана кыргыздын эр азаматтарынан болушун каалап, атына жараша татыктуу тарбиялап өстүрүшүнүздөргө тилектешмин. Үй-бүлөңүздөргө ынтымак жана бактылуу жашоо каалайм!”-деди мэриянын аппарат жетекчиси.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев төрт эмдин үйбүлөсүнүн үй маселесин чечүү максатында, өзүнүн фондунан 2 млн сом бөлүп берип, Бишкек шаарынын аймагына үй салып берүү маселесин көтөрүп, тапшырма берген, бирок Зарнаевдердин үй-бүлөсү Бишкек шаарынан шарттары менен жабдылган батир сурагандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарындагы жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн бириндеги, “Тунгуч” кичи районунан 2-бөлмөлүү 70 кв.м. батирди сунуштады.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 100 мин сом сүйүнчү берилип, азыркы учурда үй-бүлө Октябрь райондук администрациясынын контролуна алынган.
Эскерте кетсек, ымыркайлар 2015-жылдын 9 апрелинде Эне жана баланы коргоо улуттук перинаталдык борбордо 4-эм төрөлгөн. Аларга Кубанычбек, Алмазбек, Асылбек жана Камчыбек ысымдары ыйгарышкан.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |