ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь району жайкы балдар эс алуусун өткөрүүгө даяр

Бишкек шаарынын Октябрь районунда жайкы эс алуу  үчүн мектеп окуучуларына, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп алдындагы эс алуу лагерлери ачылды.

Октябрь райондук администрациясы жетекчилиги алдында райондун Билим берүү борбору, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, №6, 7, 8, 9, 11 МАБтар иш алып барат.

Бүгүнкү күндө №39 мектеп-гимназияда 94 бала, №88 мектеп-гимеазияда 110 бала жана №91 орто мектепте 120 бала үчүн лагерлер иштеп баштады.

Ошондой эле, Октябрь районунун “Шайыр балалык” балдар чыгармачыл борборунда жай мезгилине лагерлер менен спорттук, музыкалык, кол өнөрчүлүк боюнча ийримдер уюштурулат.

Мындан тышкары, райондун аймагында сууга түшүү мезгилинин ачылышы, майрамдык иш-чаралар, сынактар, спорттук мелдештер жана “Коопсуздук”, “ Жаман адаттардан арылуу” акциялары өткөрүлөт.


Кроме того, на территории района запланировано открытие купального сезона, проведение праздничных мероприятий, конкурсов,  спортивных турниров по различным видам спорта, акций « Безопасность» и « Я без вредных привычек».