БОРБОР КАЛААДА “КИТЕП КЕРБЕНИ” ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ
- Подробности
- Опубликовано 11.06.2015 14:02
И. Панфилов атындагы сейил багында Бишкек шаарынын борбордоштурулган китепкана тармагы, К. Баялинов атындагы республикалык балдар китепканасы жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте “Китеп кербени” долбоору башталды.
Экинчи китеп кербени “Бакай-Ата” жаңы конушунда ачылып, балдарга сүрөт тартуу, окуу, үстөл жана спорт оюндары үчүн аянтчалар жана табышмак оюндары даярдалды.
Шаар тургундарына Свердлов районунун бий тобу жана жаш артисттер концерт тартуулашты.
Балдарга “Рабаят” куурчак театрынын спектаклдери көрсөтүлүп, бардык катышуучуларга белектер: китеп, калем, альбом, буклет, англис тили дисктери тапшырылды.
Долбоордун максаты – бардык муунду китеп окууга чакыруу, ошондой эле, мектеп окуучуларын бош убактыларында китепканага келүүгө үндөө болуп саналат.
Кийинки китеп кербени Свердлов районунун “Ак-Бата” жана “Көлмө” жаңы конуштарында өткөрүлөт..
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.09.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |