ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаардык Троллейбус башкармалыгы жана “Түндүкэлектро” ААК түнү бою кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүштү

Бишкек шаардык  Троллейбус башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 15 троллейбус метеошарттарга байланыштуу жарактан чыккандыктан, аларды жүктөп келүүгө туура келди.

Шамалдын кесепеттерин жоюуда 2 автомунара, 1 жүктөөчү трактор, 6 күзөттүк автобус жана 1 кызматтык унаа ишке берилди.


Жоюу  иштери түнкү саат 3кө чейин созулду.   


 “Түндүкэлектр” ААК маалымдагандай, авариялык өчүрүүлөрдү калыпка келтирүүгө 130 бригада, анын ичинде борбордо 33 бригада иш алып барууда. Бардык бригадалар “Түндүкэлектр” ААКнын шаймандары менен камсыздалган, кырсыктын кесепеттерин жоюуда бардык техникалар ишке берилди.