ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жана БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы жарандыгы жок адамдарды каттоо боюнча долбоорду талкуулашты

Мэриянын жыйын залында Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова менен Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын өкүлдөр тобунун жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында мэриянын жарандыгы жана документтери жок адамдарды катоо жана документ жасап берүү долбоорун  БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте ишке ашырууда бир канча маселелер талкууланды.


Аталган жолугушууга Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин башчысы, социалдык суроолор боюнча райондордун башчыларынын орун басарлары, БУУнун качкындар боюнча башкармалыгынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Иван Салеев мырза, укук коргоо боюнча эл аралык кеңешчи Викинтас Лидейкис мырза катышты.