БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНДУК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ АСКЕРДИК БӨЛҮККӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
- Подробности
- Опубликовано 05.06.2015 16:00
Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы Кыргыз Республикасыныны Коргоо күчтөрүнүн 23 жылдыгына карата Нарын шаарынын №2025 аскердик бөлүгүнө 50 миң сом акчалай жардам көрсөттү.
Белгиленгендей, аталган аскердик бөлүк Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясына бекитилген.
Жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январынды кабыл алынган №34 “Кыргыз Республикасынын министрлер, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволодун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен мекеме жана уюмдардын байланышын бекемдөө жана мамлекеттик чекараны коргоо” токтомуна ылайык көрсөтүлдү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
11.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |